ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ  ИШКЕРЛЕРГЕ 8,4 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫ БЕРДИ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 8,4 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫ БЕРДИ

Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен. Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо багытында  2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан.

Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2025-жылдын 1-январына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 451 млн 301 миң 18 сомду түздү.   Аны 11 миң 269 ишкер алган.  

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 520 ишкерге 5 млрд 635 млн 425 миң 918 сом берилген.   

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 749 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 814 млн 875 миң 100 сомду түзгөн.   

Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Маалымдама:

Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

1-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

2-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. 

Айыл чарбасы каржыланбайт.

Валютасы: КР сом

Пайызы: 0% (пайызсыз)

Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин

Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин

Каржылык жардамдын суммасы:

1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин

2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин  

Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1070

Окшош жаңылыктар