Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А. БАКЕТАЕВ "НОМАД ТВ" ТЕЛЕКАНАЛЫНА ИНТЕРВЬЮ БЕРДИ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев “Номад ТВ” телеканалына берген маегинде мамлекеттик финансы саясатындагы негизги багыттар боюнча түшүндүрмө берип, өзгөчө сырткы карыздын абалына, экономикалык динамикага жана өлкөнүн алдында турган артыкчылыктуу өнүгүү багыттарына токтолду.
Журналисттин биринчи суроосу — сырткы карыздын учурдагы абалы тууралуу болду. А.Бакетаев бул теманын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп: “Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, сырткы карыздын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө ал 37%ды түзүп, бул — олуттуу жетишкендик”, — деди.
Министрдин айтымында, Азиат Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) баштаган дүйнөлүк ири каржы институттары жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында Кыргызстандын сырткы карызы туруктуу деп табылган. “Мамлекетибиздин бардык милдеттенмелер боюнча эч кандай кечигүүсү жок. Мындан тышкары, өлкөнүн карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп салуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок азыр мындай шашылыш кадамдар зарыл эмес”, — деп баса белгиледи министр. Ал жарандарга сырткы карыз боюнча кооптонуунун эч кандай негиз жок экенин айтты.