Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨ РЕФОРМАСЫН, СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨРДҮН ДАРЕКТҮҮЛҮГҮН ЖАНА АДАМ КАПИТАЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ
КРФМ
Бишкек, 2025-жылдын 15-октябры – Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Дүйнөлүк банктын өкүлү Михал Рутковски мырза менен адамдык өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун негизги багыттарына арналган жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда бюджеттик сектордо эмгек акы төлөө системасын жана кадр саясатын реформалоо, социалдык чыгашалардын натыйжалуулугун жана калкка колдоо көрсөтүүнүн даректүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштарды кесиптик даярдоо аркылуу адам капиталына инвестициялоо маселелери талкууланды.
Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Дүйнөлүк банктын адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу принциптерине негизделген, бюджеттин фискалдык туруктуулугун эске алуу менен жаңы эмгек акы төлөө модели боюнча сунуштарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Калктын эң аялуу катмарларына жөлөкпулдарды даректүүлүгун күчөтүү жана социалдык коргоо системасын санариптик платформалар аркылуу модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар ошондой эле Финансы министрлиги менен тиешелүү министрликтердин ортосунда бюджеттик жана программалык артыкчылыктарды макулдашуу үчүн координациялык механизмдерди түзүү, адамдык өнүгүү чөйрөсүндөгү программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен мындан аркы кызматташуу өлкөнүн туруктуу, инклюзивдүү жана адилеттүү экономикалык өсүшү сыяктуу стратегиялык максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенимди билдирди.