КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ CITIBANK ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КЕПИЛДИГИ АСТЫНДА КРЕДИТ АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ CITIBANK ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КЕПИЛДИГИ АСТЫНДА КРЕДИТ АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

КРФМ

 

2025-жылдын 16-октябрында Вашингтондогу Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович эл аралык Citibank финансы институтунун өкүлү Суманта Паниграхи мырза менен жолугушту. Жолугушуу Citibankтын кеңсесинде өтүп, ага Oppenheimer компаниясынын өкүлдөрү да катышты.

Финансы министри А.К. Бакетаев Citibank жана Oppenheimer компанияларына 2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын дебюттук суверендүү еврооблигацияларын ийгиликтүү жайгаштыруудагы негизги ролу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Citibankтан Дүйнөлүк банктын кепилдиги астында приоритеттүү өнүгүү долбоорлорун каржылоо үчүн түз кредиттик линия ачууга кызыкдар экенин белгиледи. Финансы министри А.К. Бакетаев Кыргыз Республикасынын экономикасы жогорку өсүш темптерин көрсөтүүнү улантып жатканын, 2025-жылдын январь-июль айларында реалдуу ИДПнын өсүшү, туруктуу макроэкономикалык кырдаалда  жана профициттүү бюджетте 11,5% түзгөнүн баса белгиледи.

Тараптар эл аралык институттардын кепилдиктери астында ыңгайлуу шарттарда жеңилдетилген каржылоону тартуу менен бирге мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Citibankтын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого өз ара даярдык билдирилди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
280

Окшош жаңылыктар