Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ JICAНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ ЙОШИКАВА ЁШИФУМИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ JICAНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ ЙОШИКАВА ЁШИФУМИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А. Бакетаев Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Ёшифуми менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана алдыдагы багыттарын талкуулашты. Министр            А. Бакетаев Жапониянын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдын декабрь айында кол коюлган төрт гранттык долбоор өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Министр ошондой эле Кыргыз Республикасы жана JICA ортосундагы 2026–2030-жылдарга арналган жаңы Кызматташтыктын Өлкөлүк программасын биргеликте иштеп чыгууга Кыргызстан даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Йошикава мырза JICA мындан ары да Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен кызматташууну улантарын билдирди. Ал жакынкы мезгилде жаңы долбоорлор ишке кирет деген ишенимин билдирип, жапон тарабы кадрларды өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоо багытында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы демилгелерди биргеликте илгерилетүүгө даяр экенин тастыкташты.
 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2385

Окшош жаңылыктар