КР Финансы министрлиги “Төлөм шлюзу” санариптик жаңы платформасын иштеп чыкты

КР Финансы министрлиги “Төлөм шлюзу” санариптик жаңы платформасын иштеп чыкты

КР Финансы министрлиги тарабынан 2022-жылдын 10-ноябрынан тартып «Төлөм шлюзу» өзүнүн санариптик платформасы – электрондук төлөмдөрдүн катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн иштелип чыккан, бир порталда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу тутум иштеп чыкты.

Бул система өлкөнүн бардык коммерциялык банктары, Pay24, Umai төлөм терминалдары аркылуу эсептешүү эсептеринен, Mega pay, Mbank, Elsom мобилдик тиркемелеринен каалаган төлөөчүгө финансылык операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылат.

Бул системага буга чейин иштеп жаткан 8 мамлекеттик портал кошулган: Туумдарды төлөө «Коопсуз шаар», административдик укук бузуулар үчүн, социалдык камсыздандыруу, электрондук патент, бюджеттик ссудаларды төлөө, токой чарба кызматтары үчүн кепилдик төлөмдөрдү төлөө. Ал эми 2023-жылы бул тизме кыйла кеңейет.

Бул санариптик модулдардын бардыгы заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен иштелип чыккан жана өлкөнүн мамлекеттик каржылык башкаруусунун санариптик трансформация программаларына чоң салым кошот.
 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3018