Menu

КР Финансы министрлиги менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду эки инвестициялык долбоорго кол коюшту

КР Финансы министрлиги менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду эки инвестициялык долбоорго кол коюшту

КРФМ

2026-жылдын 16-июлунда «Ынтымак Ордо» имаратында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Сүйүналиев жана Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрон ЕТӨФтүн каражаттарынын эсебинен каржылануучу эки инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга кол коюшту.

Макулдашуулар «Ош облусунун айылдык калктуу конуштарында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» жана «Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнкү суу таштагычын куруу» долбоорлору боюнча түзүлдү.

Кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен ЕТӨФтүн башкаруучу директору Ярослав Мандрондун жолугушуусунун жыйынтыгында өтүп, анда мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Макулдашууларга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого багытталган кезектеги маанилүү кадам болуп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1981

Окшош жаңылыктар