КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ  КИРҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) аймактык бөлүмдөрүнүн (Бишкек шаарынан тышкары) башкы, улук жана кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине ачык конкурстук тандоо жарыялайт

 

            Министр финансов Кыргызской Республики в резерве кадров :

            - башкы то птогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн;

            - улук то птогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн;

            - кенже то птогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн өткөрүлөт;

            Кадрлар резервине кыргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  1. Кыргызская Республикасынын жараны болууга ;
  2. 21 Жаштан жогору болууга;
  3. кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

Мамлекеттик жарандык кызматтын башки административный кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тмеги:

1) Конституции Кыргызской Республики сынын;

 2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7)Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы*

8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

12) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү (Windows, Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системасы).

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

8) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү (Windows, Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системасы).

Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

5) Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү (Windows, Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системасы).

 

Башкы топтогу административдик кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

- экономика, финансы, экономикадагы математикалык методдор, колдонмо математика чөйрөсүндөгү жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;

Билгичтиги:

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгуу жана иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

- башкаруу көйгөйлөрүн чечүү боюнча мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- жергиликтүү бюджеттер менен байланыштуу болгон өз ишин жана башкармалыктын ишин натыйжалуу пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, Министрликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- өзүнө баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, министрликтин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө;

- жергиликтүү бюджеттер, бюджеттер аралык мамилелер жана ЖӨБ органдары боюнча маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Улук топтогу административдик кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

- экономика, финансы, экономикадагы математикалык методдор, колдонмо математика чөйрөсүндөгү жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан  1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;

Билгичтиги:

- жергиликтүү бюджеттерге талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана бөлүмдүн, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча мамилелерди интеграциялоо;

- коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик кызмат орундарынын үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

-  экономика, финансы, экономикадагы математикалык методдор, колдонмо математика чөйрөсүндөгү жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;

Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- электрондук документ жүгүртүүнү алып баруу жана кат-кабарларды жүргүзүү;

- командада иштөө.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте папкага (Дело №) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет:

- аймактык бөлүмдү жана мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арызы;

- сүрөтү менен резюме (электрондук почтасын, телефон номерин (вотсап) көрсөтүү менен);

- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;

- нотариустан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер 2025-жылдын 7-февралынан 21-февралына чейин саат 10:00 дөн 17:00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, 105-кабинет.

 Сурап-билүү телефондору 62-53-13 кошумча (2915), тыныгуу убактысы саат 12:30 дан саат 13:30 га чейин.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2966

Окшош жаңылыктар