Menu

МИНИСТЕРСТВО ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА ЗАЧИСЛЕНИЕ В РЕЗЕРВ КАДРОВ В СЛУЖБУ ВНУТРЕННЕГО АУДИТА ХОЗЯЙСТВЕННЫХ ОБЩЕСТВ С ГОСУДАРСТВЕННЫМ ПАКЕТОМ АКЦИЙ

МИНИСТЕРСТВО ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА ЗАЧИСЛЕНИЕ В РЕЗЕРВ КАДРОВ В СЛУЖБУ ВНУТРЕННЕГО АУДИТА ХОЗЯЙСТВЕННЫХ ОБЩЕСТВ С ГОСУДАРСТВЕННЫМ ПАКЕТОМ АКЦИЙ

КРФМ

Чарбакер коомдун ички аудит кызматына (ички аудитор)талапкерлер төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:   

1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;

2) курагы 27 жаштан кем эмес;

3) финансы, бухгалтердик эсеп же аудит тармагындагы адистиги менен жогорку экономикалык билими;

4) менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде финансы, бухгалтердик эсеп, аудит менен түздөн-түз байланышкан жетектөөчү кызмат орундарында 5жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу.

Билими:

1.​Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.​Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык кодекси (I бөлүк);

3.​Кыргыз Реcпубликасынын Бюджеттик кодекси;

4.​Кыргыз Реcпубликасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

5.​Кыргыз Реcпубликасынын «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

6.​Кыргыз Реcпубликасынын «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы;

7.​Кыргыз Реcпубликасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8.​Кыргыз Реcпубликасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;

9.​Кыргыз Реcпубликасынын «Аудитордук иш жөнүндө» Мыйзамы;

10.​Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары;

11.​Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 
10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби.

Ички аудит кызматына (ички аудитор) талапкер болуп төмөнкүлөр көрсөтө алышпайт:

1. чарбакер коомдун атаандашы болгон субъекттин менчик ээси, акционери (катышуучусу), башкаруу органынын мүчөсү болуп саналган жак;

2. буга чейин белгиленген тартипте банкрот деп таанылган же ага карата мажбурлап жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган коммерциялык уюмдун директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын жетекчиси же мүчөсү, башкы бухгалтери болгон жак.

Сынакка катышуучу талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

1) арыз;

2) резюме, сүрөтү менен;

3) өмүр баян;

4) белгиленген үлгү боюнча толтурулган анкета;

5) паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы);

6) жогорку билими, кошумча билими жана квалификациясы (эгерде бар болсо) тууралуу нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

7) эмгек китепчесинин акыркы иштеген жери боюнча жумуш берүүчүдөн же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

8) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

9) соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымкат,сынакка катышуу үчүн документтерин берген учурда берилген мөөнөтү 1 айдан ашпоого тийиш;

10) сунуштама кат (бар болсо);

11) сертификаттар (бар болсо).

Коомдордун ички аудит кызматына (ички аудитор) тандоодо төмөнкү артыкчылыктардын бирине ээ болгон талапкерлерге маани берилет:

• талапкер жетекчилик кызматта турган мезгилде коммерциялык уюмдун финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүндө оң динамикасынын болушу;

• аудитордук ишмердик жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу;

• аудитордун квалификациялык сертификатынын же CAP, CIPA (эгер бар болсо) сертификаттарынын болушу;

• аудит, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук тармагындагы кесипкөй коомдук уюмдардан ишкердик бедели жөнүндө корутундусу бар сунуш катынын болушу.

Өткөрүлгөн тестирлөөнүн жана талапкер менен баарлашуунун жыйынтыгы боюнча сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги акционер катары катышкан, мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордун ички аудит кызматынын кадрлар резервине киргизилет.   

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги акционер катары катышкан, мамлекеттик үлүшү барчарбакер коомдордун ички аудит кызматынын (ички аудитор) кадрлар резервине киргизилүүчү талапкерлер үчүн  белгиленген үлгүдөгү анкета Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат: https://www.minfin.kg .

Документтер көктөмөгө тиркелип, 2026-жылдын 27-февралына чейин, Бишкек ш., Москва көч., 194, 117-каб., тел. (0312) 66-40-33 дарегине тапшырылууга тийиш.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2396

Окшош жаңылыктар