КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДЫН IV КВАРТАЛЫНДА МАМЛЕКЕТТИК СЕКТОРДОГУ ИЧКИ АУДИТОРДУН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТЫН АЛУУ УКУГУНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДЫН IV КВАРТАЛЫНДА МАМЛЕКЕТТИК СЕКТОРДОГУ ИЧКИ АУДИТОРДУН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТЫН АЛУУ УКУГУНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

КРФМ

2025-жылдын 29-октябры квалификациялык сынактын датасы, мамлекеттик сектордогу  ички аудитордун квалификациялык сертификатын алууну каалагандар сынакка катышуу үчүн документтерди тапшырышы керек, документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 6-октябрынан               15-октябрына чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Абдумомунов көч. 207, КР ЭКМ 1 кабат, тел.(0312) 62 53 13 (2413).

Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине берет:

  1. квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арыз;
  2. паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы квалификациялык сынакка тапшыруунун алдында көрсөтүлөт);
  3. жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемеси менен;
  4. экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  5. 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
  6. ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ.

Бардык документтер папкага көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетинде талапкердин аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.

Мында, сынакка кайрадан катышкан учурда талапкерлер Финансы министрлигине ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү жаңыланган документти берүүгө милдеттүү.

Эскертүү: Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
440

Окшош жаңылыктар