КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ “АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУН БИШКЕК ШААРЫНЫН БАРДЫК ТӨРТ РАЙОНУНДА ТААНЫШТЫРЫП, ЖАРАНДАРДЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ТАЗА ЖЫЛЫТУУ БУЛАКТАРЫНА ӨТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ “АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУН БИШКЕК ШААРЫНЫН БАРДЫК ТӨРТ РАЙОНУНДА ТААНЫШТЫРЫП, ЖАРАНДАРДЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ТАЗА ЖЫЛЫТУУ БУЛАКТАРЫНА ӨТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

КРФМ

 

            Борбор калаанын төрт административдик районунда -  Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондорунда - “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында маалыматтык-түшүндүрүү кеңешмелери өттү.

            Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Отун-энергетикалык комплекс департаменти менен биргеликте уюштурулду. Жолугушуулардын негизги максаты - жарандарды экологиялык жактан таза жылытуу булактарына өтүүгө берилүүчү жеңилдетилген кредиттер тууралуу маалымдоо болду. 

            Жолугушууга муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин жетекчилери жана жылуулук насосторун жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышышты. Кварталдык комитеттердин өкүлдөрү талкууга активдүү катышып, жеке үйлөр үчүн кайсы түрдөгү жабдуулар ылайыктуу экенин, жылуулук насосторунун өзүн-өзү актоо мөөнөтү кандай болорун, орнотуу жана туташтырууга кошумча чыгым талап кылынабы, жабдууларга кандай кепилдик жана сервистик  тейлөө кызматтары көрсөтүлөрү, ошондой эле жеңилдетилген кредит алуу тартиби тууралуу суроолорду беришти.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИБ) кредиттик адиси Адилет Акматов жана ДИБдин экологиялык жана социалдык маселелер боюнча адиси Таалай Асылбеков катышуучулардын бардык суроолоруна кеңири жооп беришти. Алар жеңилдетилген кредиттер Элдик банк, Айыл банк жана Бакай банк аркылуу берилерин маалымдап, кредит алуу шарттары, талап кылынуучу документтер жана арыз берүү тартиби тууралуу айтып беришти.

            Жабдууларды жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү энергияны үнөмдөөчү жылытуу системалары боюнча заманбап чечимдерди сунуштап, жылуулук насосторунун иштөө принцибин, алардын артыкчылыктарын түшүндүрүштү жана мындай жабдууларды орноткон тургундардын жетишкен оң жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттик линия жакын арада ачыларын маалымдайт. Кредиттик программаны ишке киргизүү жана өтүнмөлөрдү кабыл алуу боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
314

Окшош жаңылыктар