Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ДОЛБООРУН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУНУ БЕКЕМДӨӨ
КРФМ
2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу Р.М.Суйналиев менен Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам борборунун өкүлү жана “Жашоо жана тиричилик каражаттары” фондунун (Lives and Livelihoods Fund) Техникалык сереп салуу боюнча комитетинин мүчөсү Турки Бин Снаид мырза, Кыргыз Республикасындагы Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү Руслан Татиков мырза жана Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Фахад А.Р. Аль Рашид мырза менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам борборунун, “Жашоо жана тиричилик каражаттары” фондунун жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүү тенденцияларын белгилешти. Тараптар Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы айылдык ичүүчү суу менен камсыздоо секторун өнүктүрүү жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого үмүттөрүн билдиришти.
Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу
Р.М.Суйналиев тарабынан Жалал-Абад облусунда ишке ашырылуучу “Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу-2” долбоору үчүн гранттык каржылоону көбөйтүү маселесин карап чыгуу сунушу берилди. Бул каржылоо Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам борборунун жана “Жашоо жана тиричилик каражаттары” фондунун инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылмакчы.
Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасы менен “Жашоо жана тиричилик каражаттары” фондунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты, бул инвестициялардын өсүшүнө жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Маалымат үчүн: Долбоордун негизги максаты – Жалал-Абад облусунун 36 айылындагы калктын таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы мекемелердин потенциалын чыңдоо болуп саналат. Долбоордун алкагында 36 калктуу конушта суу мененкамсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоопландалууда. Бул айылдардын ичинен 25инде суу мененкамсыздоо системалары таптакыр жок болгондуктан, жергиликтүү тургундар ичүүчү сууну ачык булактарданпайдаланууга мажбур. Ал эми калган 11 айылда
1950–1980-жылдары курулган жана учурда авариялыкабалда турган эски суу түтүк тармактарынан сууколдонулууда.