Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ СИЗДЕРДИ САК БОЛУУГА ЖАНА АЛДАМЧЫЛАРДЫН АЙЛА-АМАЛДАРЫНА АЛДАНБООГО ЧАКЫРАТ
Көңүл буруңуз! Абайлаңыз, алдамчылар!
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар таралып жаткандыгы тууралуу эскертет!
Финансы министрлиги мындай учурлар бүгүнкү күндө жеке Министрликте гана эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталып жататкандыгын билдирип, Сиздерди сак болууга жана шылуундардын мындай аракеттерине алданбоого чакырат!
Шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу максатында мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушуп, сизге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү байланышат деп көрсөтмө беришет. Өз кезегинде, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып сиздин эсебиңизден чет мамлекеттерге шектүү акча которуулар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып, төлөмдөрдү өзүңүз жүргүзгөн-жүргүзбөгөнүңүздү такташат. Сиз “жок” деген жооп берген учурда, “акча каражаттарын банк кызматкерлери мыйзамсыз которуп жатат” деген жалган маалыматтарды беришет.
Ошондой эле, алар сизден бул тууралуу эч кимге айтпоону талап кылып, “агент” катары кызматташууну сунушташат, акча каражаттарын которууну же насыя (кредит) алууну талап кылып, “атайын операция” жүргүзүлүп жатканын шылтоо кылышат.
Финансы министрлиги сиздерди сак болууга, акча каражаттарын белгисиз адамдарга которбоого жана жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат!