Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,4 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТТЕРДИ КАРЖЫЛАДЫ
КРФМ
“Кичи, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 9 млрд 416 млн сомдон ашык суммада пайызсыз кредиттер берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга таасир көрсөтүүдө чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан тартып ишкерлер пайызсыз кредит ала башташкан.
Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин, тактап айтканда 2025-жылдын 1-сентябрына карата пайысыз кредиттин суммасы 9 млрд 416 млн 975 миң 306 сомду түздү. Аларды 11 миң 803 ишкер алган.
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) – 9 миң 615 ишкерге 5 млрд 719 млн 132 миң 424 сом берилген.
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) – 2 миң 188 ишкерге жалпы 3 млрд 697 млн 842 миң 882 сом кредит берилген.
Маалымдама:
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
- 1-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
- 2-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарба тармагы каржыланбайт.
- Валюта: КР сому
- Пайыздык: 0% (пайызсыз)
- Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин
- Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин
Финансылык жардамдын суммасы:
1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин,
2-категория үчүн – 3 000 000 сомго чейин.
Керектүү документтердин так тизмеси өнөктөш банктар тарабынан аныкталат.