Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,4 МЛРД СОМДОН АШЫК ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРДИ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,4 МЛРД СОМДОН АШЫК ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРДИ

КРФМ

 

     «Кичи-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында Финансы министрлиги ишкерлерге 9 млрд 486 млн сомдон ашык пайызсыз насыя бөлүп берди. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында жана чакан жана орто ишканаларды кризистик кырдаалда колдоо үчүн ишке киргизилген. 2021-жылдын 31-мартында башталган долбоор Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган. 2022-жылдын сентябрь айынан тартып ишкерлер пайызсыз насыя ала башташкан.
 
2025-жылдын 1-декабрына карата жалпы берилген насыялардын суммасы 9 млрд 486 млн 265 миң 306 сомду түздү. Аларды 11 миң 869 ишкер алган.
 
• 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) – 9 миң 675 ишкерге 5 млрд 775 млн 222 миң 424 сом берилген.
• 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) – 2 миң 194 ишкерге жалпы 3 млрд 711 млн 42 миң 882 сом насыя берилген.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1193

Окшош жаңылыктар