Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУ ЖАНА БЮРОКРАТИЯЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАРДЫ КЫСКАРТУУ БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУДА
2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде мамлекеттик кызмат системасын жакшыртуу жана бюрократияны азайтуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору – Умутжан Моминович Аманбаев, министрдин орун басары – Дүйшеева Жибек Курманбековна жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкарбек катышты.
Жыйынга Финансы министрлигинин бардык түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышып, мамлекеттик кызматтагы процесстерди жөнөкөйлөтүү, функционалдык талдоо жүргүзүү жана министрликтин ишиндеги бюрократияны кыскартуу жолдору талкууланды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 Жарлыгына жана аны ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын 2025-жылдын 30-майындагы №3 протоколунун 12-пунктуна ылайык өткөрүлдү.
Жолугушуунун алкагында Министрликтин ишин жакшыртуу, башкаруу процесстерин натыйжалуу уюштуруу жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аудит-консультация өткөрүлдү. Катышуучулар биргелешип көйгөйлөрдү талкуулап, иштин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды беришти.
2 сүрөттөр
0.00MB