Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ БАГЫТЫНДА ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕЙҮҮДӨ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ БАГЫТЫНДА ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕЙҮҮДӨ

КРФМ

Вашингтон шаарында Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыл сайын өтүүчү жазгы жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Р.Суйналиев Дүйнөлүк банктын санарип технологиялар боюнча вице-президенти Санбу Ким менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо маселелерине, ошондой эле бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Тараптар Digital CASA долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктарын талкуулашты. Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында негизги санариптик инфраструктура калыптандырылган. Ошондой эле маалымат борборлорун өнүктүрүүгө, Big Data технологияларын жана жасалма интеллектти киргизүүгө багытталган “Санарип Ордо” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, эл аралык демилгелер, анын ичинде Сонгдо шаарынын санариптик өнүгүү тажрыйбасын колдонуу жана Digital Central Asia Hub аймактык платформасын илгерилетүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптештирүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
624

Окшош жаңылыктар