Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНА КАРАТА ОШ ОБЛУСУНА 739,5 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ
КРФМ
Ош облусу боюнча 2025-жылдын 7 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 597,3 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферттер – 394,1 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (статисттин эмгек акысы) – 11,1 млн сом;
- Электрэнергияга 50% компенсациялоого – 18,0 млн сом;
- Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 71,9 млн сом;
- Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 12,4 млн сом;
- Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 34,5 млн сом;
- “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө- 4,0 млн сом.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №450-т тескемесине ылайык, жергиликтүү милдеттерди ишке ашырууну финансылык жактан камсыз кылуу максатында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын оңдоп-түзөөгө жана балдар аянтчасын заманбап оюн атракциондору менен жабдууга-4,0 млн.сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июнундагы №537-т тескемесине ылайык, жергиликтүү милдеттерди ишке ашырууну финансылык жактан камсыз кылуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине социалдык объекттерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 19,0 млн.сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы №591-т тескемесине ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер Токтомат Зулпуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине-28,3 млн.сом;
Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 142,2 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 739,5 млн сом.