Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНА КАРАТА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 1 871,9 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНА КАРАТА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 1 871,9 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ

КРФМ

Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 7 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 871,9  млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

  1. Теңдөөчү трансферт – 171,2 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,4  млн сом;
  3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 23,5 млн сом;
  4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 88,3 млн сом;
  5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 509,2 млн сом;
  6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 55,2 млн сом;
  7. “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө- 3,0 млн сом;
  8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде- 126,8 млн сом;
  9. Жалал-Абад облусунун шаарларын өнүктүрүү программасына-732,0 млн сом.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  -  152,3 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы –  1 871,9 млн сом.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
682

Окшош жаңылыктар