Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2025 – ЖЫЛДЫН 8 АЙЫНА КАРАТА ЧҮЙ ОБЛУСУНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 1 804,3 МЛН СОМ КАРЖЫЛАДЫ
КРФМ
Чуй облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 637,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферт – 85,9 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 12,8 млн сом;
- Электр энергияга 50% компенсация – 1,5 млн сом;
- Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 11,3 млн сом;
- Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 1 201,9 млн сом;
- Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого - 9,3 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык - 150,7 млн сом;
- Чуй облусунун шаарларын өнүктүрүү программасына - 164,0 млн сом.
Мындан тышкары, Чуй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 166,9 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 1 804,3 млн сом