Menu
Тренддер

Финансы министрлиги тарабынан 2024-жылга карата дем берүүчү гранттарга 984,2 млн. сом бөлүндү
КР ФМ
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2024-жылга "дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 1 500,0 млн. сом каралган.
2024-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2024-жылдын 29-мартындагы №15-01/2 протоколуна ылайык, 439 долбоор бекитилген.
Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген отчеттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) грант каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен транштарда берилет (өздүк, тартылган, республикалык бюджет) долбоордун түрүнө жараша отчет берилгенден кийин).
439 долбоордун өткөрүлгөн конкурстары (тендерлери) боюнча 10 долбоор тендердин жыйынтыгы боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуудан баш тартып, өздүк каражаттардын же башка булактардын эсебинен бүткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү беришкен.
2024-жылга үнөмдөө 515,8 млн сомду түздү, анын ичинен иш жүзүндөгү аткарылган иштерден 15,8 млн.сом жана 500,0 млн.сом Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2024-жылга карата жана 2025-2026-жылдарга болжол жөнүндө” эске алынды, ошондуктан такталган план 2024-жылга 1 000,0 млн. сомду түздү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого берилген арыздар боюнча 2024-жылы республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 984,2 млн сом суммасындагы 429 долбоор каржыланган, бул такталган пландын 98,4%ын түзөт, 422 бүткөрүлгөн объект, 7 долбоор подрядчы тарабынан жумуштарды өз убагында аткарбагандыгы үчүн бүтпөй калган.
п/п |
Аталышы |
Стимгрантын көлөмү (млн. сом) |
1 |
Бекитилген план |
1 500,0 |
2 |
Такталган план |
1 000,0 |
3 |
Каржыланды |
984,2 |
4 |
Аткарылды |
98,4% |
Региондор боюнча дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү:
б/с |
Аймактардын аталышы |
2024ж. |
|||
Объекттердин саны |
Салыштырма салмагы (%) менен |
Дем берүүчү гранттын көлөмү (млн сом) |
Салыштырма салмагы (%) менен |
||
|
Республика боюнча жалпы |
429 |
100% |
984,2 |
100% |
|
анын ичинде: |
|
|
|
|
1 |
Баткен облусу |
34 |
7,9 |
92,2 |
9,4 |
2 |
Жалал-Абад облусу |
107 |
24,9 |
241,0 |
24,5 |
3 |
Нарын облусу |
42 |
9,8 |
98,7 |
10,0 |
4 |
Ысык-Көл облусу |
64 |
14,9 |
141,9 |
14,4 |
5 |
Талас облусу |
29 |
6,8 |
67,2 |
6,8 |
6 |
Ош облусу |
84 |
19,6 |
192,8 |
19,6 |
7 |
Чуй облусу |
69 |
16,1 |
150,4 |
15,3 |
Категориялар боюнча бөлүштүрүү:
б/с |
Категориялар |
2024ж. |
|||
Объекттердин саны |
Салыштырма салмагы (%) менен |
Дем берүүчү гранттын көлөмү (млн сом) |
Салыштырма салмагы (%) менен |
||
1 |
Мектептер |
137 |
31,9 |
262,5 |
26,7 |
2 |
Бала бакчалар |
59 |
13,8 |
119,6 |
12,2 |
3 |
Маданий маанидеги объектилер |
42 |
9,8 |
93,6 |
9,5 |
4 |
Спорттук курулуштар |
39 |
9,1 |
91,1 |
9,2 |
5 |
Саламаттыкты сактоо мекемелери |
9 |
2,1 |
17,4 |
1,8 |
6 |
Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилери |
143 |
33,3 |
400,0 |
40,6 |
|
Бардыгы |
429 |
100% |
984,2 |
100% |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин жүргүзүү боюнча подрядчыларды аныктоо боюнча тендердик жол-жоболорду жүргүзүшөт, тендердин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди бериши керек, ага ылайык каржылоо дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.