Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ КЫЗМАТТАШУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ КЫЗМАТТАШУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

КРФМ

      Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча региондук директору Наджи Бенхассин менен жолугушту.
    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, 2025-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан 101,5 млн АКШ доллары көлөмүндө программалык кредит берүү, ошондой эле бул программаны 2026-жылы улантуу маселелери каралды. Бул демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого жана улуттук экономиканын туруктуулугун чыңдоого оң таасир тийгизе тургандыгы белгиленди.
  Энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо жана регионалдык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле финансы секторун чыңдоо, Дүйнөлүк банктын стратегиялык программаларын ишке ашыруу жана башка багыттар боюнча пикир алмашуулар болду.
  Чакан жана орто бизнести колдоо, энергетикалык инфраструктураны мадернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу сыяктуу экономикалык өсүүнүн негизги факторлору өзүнчө талкууланды.
   Финансы министри Кыргыз Республикасына көрсөткөн системалуу жана туруктуу колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
735

Окшош жаңылыктар