Menu

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Уважаемые соотечественники!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

        Бүгүн кыргыз эли Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө. Тарых барактарында кыргыз эли эркиндигин, намысын, ариетин сактаган улуу эл катары белгилүү.  Кыргыздын кеменгер уул-кыздарынын көрөгөчтүгүнүн, эрдигинин, мекенге жасаган ак ниет кызматынын акыбети кайтып,  биз бүгүн эгемендиктин 31 жылдык майрамын салтанаттуу белгилеп турабыз. Демек, бул күн биз үчүн ыйык. Себеби, өлкөбүздүн эгемендиги жүрөгү мекен деп соккон уул-кыздарынын кан-жаны менен келген.

       Учурда, эгемен өлкөбүздүн экономикасы туруктуулук менен өнүгүүгө кадам таштады. Кыргызстандын ар бир жаранынын бакубат жашоосу үчүн реалдуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап, экономикалык жана социалдык реформаларды жигердүү ишке ашырып, кыска убакыт аралыгында жарандык коомдун жардамы менен күчтүү социалдык багыттагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү колго алдык.

Кадырман мекендештер!

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмгек жамаатынын атынан Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, ишиңиздерге  ийгиликтерди каалайм! Эгемен өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн коюлган ой-максаттарыбыз ишке ашып, мамлекетибизде тынчтык өкүм сүрсүн!

Терең урматым менен, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3298