Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ АЗИЯ ӨНҮКТҮУ БАНКЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МАСАТО КАНДАГА БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК КЕПИЛДИК ФОНДУН ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИН СУНУШТАДЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Президенти Масато Канда жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы үчүн АӨБнын жаңы финансылык шарттарын талкуулашты жана Банктын менен келечектеги кызматташтыктын стратегикалык багыттарын белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаевдин демилгеси боюнча өлкөдө офиси жайгашкан Борбордук Азиялык кепилдик фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул демилге аймактык финансылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири-бирине ыраазычылыгын билдирип, кызматташтыкты мындан ары туруктуу жана өз ара пайдалуу түрдө өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.
2 сүрөттөр
0.00MB