Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ БОРБОРДУК АЗИЯ АЙМАКТЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА МИНИСТРЛЕРЕР КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК/CAREC) 24–министрлер конференциясына катышты. Бул конференция региондук экономиканы стратегиялык өнүктүрүү жана Борбордук Азия мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун чек ара кызматтарын регионалдык жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азиаттык өнүктүрүү банкынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.
Бул демилгелерди ишке ашыруу чек ара экономикалык кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өсүү жана интеграцияланышына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
2 сүрөттөр
0.00MB