Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ӨЛКӨНҮН ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУГУН БЕКЕМДӨӨ МАКСАТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН МИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ ДМИТРИЙ ГЕРШЕНСОН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ӨЛКӨНҮН ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУГУН БЕКЕМДӨӨ МАКСАТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН МИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ ДМИТРИЙ ГЕРШЕНСОН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КРФМ

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде финансы министри  Алмаз Бакетаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Дмитрий Гершенсон менен жолугушту.

            Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономиканын акыркы тенденцияларын, салык-бюджет маселелерин жана алардын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

         Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргыз Республикасындагы учурдагы макроэкономикалык абалга жогору баасын берди жана бюджеттик-салык саясатындагы ийгиликтер менен мамлекеттик карыздын туруктуулугун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында финансы министри ЭВФ миссиясына конструктивдүү диалог жана макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
592

Окшош жаңылыктар