Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮЛӨРДҮ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
КРФМ
Бүгүн, 2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаев министрликтин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 2024-жылдын 31-декабрында чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Жаңы мыйзамдын негизги жоболору жана коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу чаралары талкууланды. Министр финансыны башкарууда ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгүн жана мыйзамдарды так сактоо зарылдыгын белгиледи. Кызматкерлерге ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар берилди.
3 сүрөттөр
0.00MB