КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ 42,6 МЛН АКШ ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ 42,6 МЛН АКШ ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

Эл аралык аренада иш сапардын негизги максаттардын бири – Камбар-Ата ГЭС-1 мегадолбоорунун ишке ашырып, КРдин гидроэнергетикалык потенциалын бир топ жогорулатуу болду.

       Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Вашингтонго (АКШ) иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык Валюта Фондунун жылдык жолугушууларынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, ошондой эле Өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Эл аралык аренада иш сапардын негизги максаттардын бири – Камбар-Ата ГЭС-1 мегадолбоорунун ишке ашырып, КРдин гидроэнергетикалык потенциалын бир топ жогорулатуу болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө, КР Финансы министри А.Бакетаев менен жалпы суммасы 42,64 млн АКШ долларын түзгөн эки макулдашууга кол койду.

Биринчи макулдашуу – «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» (35 млн. доллар) өндүрүүчүлөрдү каржылоо жана өндүрүүчүлөр менен агрегаторлор/кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы өндүрүштүк өнөктөштүк аркылуу сүт жана багбанчылык кластерлерине кредиттерди берет.

Экинчи макулдашуу “Айылдарды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү” (7,64 млн АКШ доллары) Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айыл калкынын ичүүчү таза сууга жетүүсүн жакшыртат.

2 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
885