КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУН НЕГИЗГИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУН НЕГИЗГИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

2024-жылы 20-майда Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Адилет өсүш, финансы маселелери жана институттар боюнча Регионалдык директору Асад Алам мырза жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча Аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Хью Ридделл мырза, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жаңы башчысы, Антонио Нусифора мырза, Дүйнөлүк банктын макроэкономика, соода жана инвестициялар маселелери боюнча глобалдык практика боюнча менеджери, Дэвид Найт мырза Дүйнөлүк банктын алдыңкы өлкөлүк экономисти жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн адилеттүү өсүү, финансы жана институттар маселелери боюнча Программанын жетекчиси катышышты.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттери, Дүйнөлүк банк (ДБ) менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, 2024-2025-жылдарга белгиленген долбоорлорду ишке ашырууда ДБ тарабынан көмөк көрсөтүү, фискалдык реформа жана мамлекеттик финансы реформасы боюнча артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маселелерин талкуулашты.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
547