Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ THE INVESTOR АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ЖУРНАЛЫНА МАЕК БЕРДИ
КРФМ
Аталган журнал — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен тыгыз кызматташып, улуттук экономикалык өнүгүүгө байланышкан аналитикалык материалдарды жарыялап келген таасирдүү эл аралык платформалардын бири болуп саналат. Жакында жарык көрө турган The Investor Kyrgyzstan 2026 атайын чыгарылышы Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө багытталат жана 165 миңден ашуун чет өлкөлүк инвесторлорго жетери күтүлүүдө.
Маекте министр Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуулук ырааттуу түрдө күчөп жатканын белгиледи: мамлекеттик карыз кыскарып, бюджет тартиби чыңдалып, пайда болгон профицит инфраструктураны жаңылоого жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө жумшалып жатат. Анын айтымында, башкарууну жакшыртуу, салык базасын кеңейтүү жана ачыктыктын жогорулашы мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп, ошол эле учурда бизнеске кошумча түйшүк жараткан жок.
Алмаз Бакетаев финансы секторунда жүрүп жатканөзгөрүүлөргө да токтолду. Узун мөөнөттүү каржылоогожеткиликтүүлүк кеңейип, банктардын капиталдык базасыбекемделип, санариптик инструменттер активдүүкиргизилүүдө. Мисалы, жарандар азыр мамлекеттик баалуукагаздарды мобилдик тиркемелер аркылуу сатып ала алышат. Бул ички капитал рыногунун мындан аркыөсүшүнө өбөлгө жаратып, инвесторлор үчүн ыңгайлуушарттарды түзүүдө.
Министр экономиканын артыкчылыктуу багыттарыкатары энергетикалык туруктуулукту жогорулатууну, инфраструктураны модернизациялоону жана жогоркутехнологиялык жана ресурска негизделген тармактардыколдоону атады. Мамлекет ачык, туруктуу жанаинвестицияга багытталган саясатты жүргүзүп, Кыргызстанды региондогу динамикалуу өсүп жатканрыноктордун бири катары чыңдап жатат.
Маектин соңунда Алмаз Бакетаев Кыргызстан эл аралык өнөктөштүккө толук ачык экенин жана өлкө узак мөөнөттүү туруктуу өсүшкө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык моделди түзүп жатканын баса белгиледи.