Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Самарканд шаарында Азия өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту
КРФМ
Азия өнүктүрүү банкынын 59-жылдык жыйынынын алкагында, 2–6-май күндөрү Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолугушуу өткөрдү.
Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисинин айтымында, 2026-жылга карата биргелешкен демилгелердин жалпы портфели энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду камтыйт, анын ичинде Камбарата ГЭСи да бар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) демилгесинин алкагындагы регионалдык хаб катары маанилүү ролу белгиленди. АӨБ президенти үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Улан-Батор шаарында БАРЭК демилгесинин 25 жылдыгына арналган министрлер деңгээлиндеги конференция өтөрүн маалымдап, бул иш-чарага кыргыз тараптын катышуусуна ишеним артты.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн АӨБгө ыраазычылык билдирип, тараптар ортосундагы кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Министр АӨБ менен кызматташтык буга чейин эле өлкөнүн туруктуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрүндө чагылдырылган олуттуу жыйынтыктарды берип жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, акыркы 4–5 жыл ичинде өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүү темпин көрсөтүп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өсүш 11% ашкан. Мындай оң динамика 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча да сакталууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы рамкалык макулдашууну жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
Азия өнүктүрүү банкынын президенти кыргыз тарапка кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда колдоону улантууга даяр экенин тастыктады.
2 сүрөттөр
0.00MB