Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А. БАКЕТАЕВ ГЕРМАНИЯ ФЕДЕРАТИВДИК РЕСПУБЛИКАСЫНА БОЛГОН ИШ САПАРЫН УЛАНТТЫ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А. БАКЕТАЕВ ГЕРМАНИЯ ФЕДЕРАТИВДИК РЕСПУБЛИКАСЫНА БОЛГОН ИШ САПАРЫН УЛАНТТЫ.

КРФМ

         2025-жылдын 9-декабрында Франкфурт-на-Майн шаарында А. Бакетаев Германиянын алдыңкы инвестициялык фонддорунун жана банктарынын жетекчилери, анын ичинде Union Investment компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
     Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозун сунуштады. Финансы министри белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат Кыргызстанда туруктуу өсүштү жана бюджеттин кирешелүүлүгүнүн көбөйүшүн камсыздап, эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин арттырууда.
   Өз кезегинде Union Investment компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына келип, өлкөдөгү каржы институттары менен жолугушууларды өткөрүүгө, ошондой эле кызматташууну тереңдетүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кененирээк изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
410

Окшош жаңылыктар