КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВ ЖАҢЫ ОШ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К.БАКЕТАЕВ ЖАҢЫ ОШ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КРФМ

 

     Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жаңы Ош базарынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

    "Ордо курулуш" подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, тогуз чоң павильон куруу пландалууда, анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат, соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган. Учурда 162 гектар аянтта курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 12 гектар аянтка унаа токтотуучу жай куруу каралган.

    Курулуш иштерин 2025-жылдын октябрында аяктоо пландалууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
763

Окшош жаңылыктар