КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ЕВРОПА РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН БАШКАРУУЧУЛАР КЕҢЕШИНИН 34-ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШАТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ЕВРОПА РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН БАШКАРУУЧУЛАР КЕҢЕШИНИН 34-ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШАТ

2025-жылдын 13-майынан 15-майына чейин Лондон шаарында (Улуу Британия) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жылдык жыйыны өтөт, ага Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев катышат.

 

2025-жылдын 14-майында өткөн бул жыйында ЕРӨБнын Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан мырза менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Анда А.К. Бакетаев Банктын жеке секторду жана чакан-орто ишканаларды чыңдоодогу маанилүү ролун белгилеп, чакан жана орто бизнеске кредиттерди жана техникалык жардамды берүү аркылуу, ошондой эле Банктын өкүлдөрүн санариптик стартаптарды, анын ичинде финтех боюнча долбоорлорду колдоого чакырды.

Бул жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Банктын ортосунда "Ош шаарындагы биринчи тазалоочу курулмаларды модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча 8,3 млн евро суммасындагы макулдашууга кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министр Банктын Кыргыз Республикасындагы портфелин республикадагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

 

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
883

Окшош жаңылыктар