Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ЖАПОНИЯНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ ЖАНА JICAНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
КРФМ
2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюичи жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Нишигата Котаро мырзалар сыйлуу конок болуп келишти.
Финансы министри А.Бакетаев конокторду жылуу тосуп алып, Элчини дайындоосу менен куттуктады. Бул Министр менен Хирано мырзанын алгачкы расмий жолугушуусу болду.
Тараптар кыргыз-жапон мамилелеринин учурдагы абалын, эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана JICA менен кызматташтыкты талкуулашты. Министр Кыргыз Республикасынын белгиленген стратегиялык багыттар боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин баса белгиледи.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү мүнөздө өтүп, катышуучулар эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.