Menu
Тренддер

Финансы министри А.К.Бакетаев Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы Мохаммед Жасим аль-Хамад аль-Сакр мырза менен жолугушту
Финансы министри А.К.Бакетаев Кувейт Мамлекетине жасаган иш сапарынын алкагында 2023-жылдын 7-мартында Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы Мохаммед Жасим аль-Хамад аль-Сакр мырза менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн негизинде министр акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалганын билдирди. Алсак, 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 8 эседен ашык өсүү менен 3,37 млн АКШ долларын түздү. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы максаттар талкууланды.
Министр 2023-жылдын экинчи жарымында Кувейт мамлекетинин аймагында Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмөсү менен бизнес-форум өткөрө тургандыгы боюнча сүйлөшүү өткөрдү.
Ошондой эле, Министр Мухаммед Жасим мырзага бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 37 биргелешкен кыргыз-кувейт ишканалары иштеп жаткандыгын, анын ичинде соода, мал чарба, социалдык тейлөө, курулуш, кампа жана товарларды сактоо, реалдуу мүлк экенин билдирди.
Ошону менен бирге өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу жана маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.




4 сүрөттөр
0.35MB