Menu
Тренддер
Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 млрд. сом каралды
КР Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 3 млрд сом суммасында көбөйтүү каралган.
Каражаттар Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт.
Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык объектилерди, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак-жай курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду реконструкциялоого багытталат.