Menu

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН КАТЫШУУСУ МЕНЕН ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН КАТЫШУУСУ МЕНЕН ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев       Президент С.Жапаровдун катышуусу менен өтүп жаткан Элдик Курултайдын ишине катышты. Иш-чарада өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар калктын жашоо шартын жакшыртуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Курултайдын алдында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев делегаттар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өлкөнүн каржы саясаты, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча суроолор талкууланып, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жарандар менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүү принциптерин карманарын белгилейт жана Элдик Курултайга катышууну жарандар менен ачык диалог жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген маанилүү аянтча катары белгилейт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1979

Окшош жаңылыктар