Menu
Тренддер

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, 2022-жылдын 11-мартындагы №135 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартиби бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын 7 000,0 млн. сом өлчөмүндө жайгаштыруу ниети тууралуу, төмөнкүнү маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын 7 000,0 млн. сом өлчөмүндө жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоо боюнча ачык конкурс төмөнкү параметрлер боюнча өткөрөт:
Лоттун № |
Депозиттин суммасы (сом менен) |
Депозитти жайгаштыруу мөөнөтү (ай) |
Депозиттин пайыздык ченинин башталыш көлөмү (жылдык %) |
ЛОТ №1 |
1 500 000 000,0 |
12 айга чейин |
8,5 |
ЛОТ №2 |
1 000 000 000,0 |
12 айга чейин |
8,5 |
ЛОТ №3 |
900 000 000,0 |
12 айга чейин |
8,5 |
ЛОТ №4 |
800 000 000,0 |
12 айга чейин |
9,0 |
ЛОТ №5 |
700 000 000,0 |
12 айга чейин |
9,0 |
ЛОТ №6 |
600 000 000,0 |
12 айга чейин |
9,0 |
ЛОТ №7 |
500 000 000,0 |
12 айга чейин |
9,0 |
ЛОТ №8 |
400 000 000,0 |
12 айга чейин |
10,0 |
ЛОТ №9 |
300 000 000,0 |
12 айга чейин |
10,0 |
ЛОТ №10 |
200 000 000,0 |
12 айга чейин |
10,0 |
ЛОТ №11 |
100 000 000,0 |
12 айга чейин |
10,0 |
Баардыгы |
7 000 000 000,0 |
|
|
Бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын депозиттерге жайгаштырууну каалаган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде өтө турган банктарды тандоо ачык конкурсуна катышууга чакырабыз.
Коммерциялык банктардын катышууга табыштамалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан 2023-жылдын 27-декабрына саат 18-00 чейин кабыл алынат (дареги, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58/а, 4-кабат, Борбордук казыналык).
Конкурс боюнча жаралган суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жооптуу кызматкерлерине кайрылса болот (тел: 62-59-19; 62-53-13 кошумча 3463).
Эскертүү (табыштаманы сапаттуу жана толук тиркемелери менен даярдоо максатында):
Ачык конкурска катышууга табыштама толтурууда жогоруда көрсөтүлгөн 2022-жылдын 11-мартындагы №135 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кылдат карап чыгууну министрлик сунуштайт.