Menu
Тренддер

ААК «Майлуу-Суу лампа заводу» Борбордук Азиядагы электр лампаларын чыгаруучу эң ири заводу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 424-р токтомуна ылайык
Шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарык берүү тармагын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү максатында "МСЛЗ" ААКсына "Риббон" айнектерин реконструкциялоого жана модернизациялоого, айнек идиштерди өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алууга 1,0 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүнгөн. Анын ичинен биринчи жана экинчи транш 400 миллион сом өлчөмүндө алынган.
Бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, бюджеттик уюмдарды жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мекемелерди ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тикелей колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору демилгеленип жатат. Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна жөнөтүлдү.
Иштелип жаткан суроолор:
- Майлуу-Суу дарыясынын куйган жерине кубаттуулугу 8,5-9 мегаваттка чейинки чакан ГЭСти курууга, ГЭСти өзүнүн электр энергиясы менен камсыз кылууга;
- жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү жана «Кыргызнефтегаз» ААК менен узак мөөнөттүү келишим түзүү, Кочкор-Ата шаары;
- жөнөкөйлөтүлгөн формада республикалык бюджеттен КНСти кайтаруу;
- ички рынокту багындыруу жана үстөмдүк кылуу максатында республиканын шаарларында соода кеңселерин ачууга;
- 2023-2028-жылдарга «МСЛЗ» ААК өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун буйругу менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсы «Майлуу-Суу лампа заводу» ААК болуп кайра түзүлдү. Жалгыз акционер (уюштуруучу) болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд саналат.