Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБОРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ
МФКР
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын келерки жылдын республикалык бюджети жана пландык мезгилдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт.
2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар болуп өттү. Иш-чаранын ачылышында А.К. Бакетаев бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууда коомдук талкуулардын маанилүү ролун белгилеп, мындай угуу негизги бюджеттик артыкчылыктарды аныктоодо коомчулуктун пикирин эске алууга мүмкүндүк беретургандыгын баса белгиледи.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча презентация өткөрүлдү, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору презентацияланды.
Иш-чаранын алкагында коомдук бюджеттик угуулардын катышуучулары тарабынан саламаттык сактоо системасы, бюджеттин киреше бөлүгү тууралуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү уюмдардын ишине байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер, анын ичинде социалдык чөйрөгө кеткен чыгымдар боюнча гемодиализ, Гоше оорусу, кохлеардык имплант, шишикке каршы препараттар менен камсыз кылуу, инсулин алуу ж. б. маселелер көтөрүлдү. Бул суроолор катышуучулар арасында кызуу талкууну жаратып, саламаттык сактоо тармагына карата пландалган бюджеттик чыгымдардын аспектилерин жана саламаттык сактоо системасынын ичинде өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын туура аныктоого мүмкүндүк берди.
Иш-чаранын сонуңда А.К.Бакетаев катышуучулардын сунуштарын андан ары карап чыгууга жана айтылган сын-пикирлерди жана сунуштамаларды эске алуу менен бюджеттин бир катар беренелерин тактоо боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бардык катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы жылдарга карата бюджетти талкуулоодо мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артарын белгилейт.