2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары түзүлгөн.

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары орто мөөнөттүү макроэкономикалык божомолду жана орто мөөнөттүү бюджеттик негизди, анын ичинде 2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук цифраларды камтыйт.

Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттары өлкөнүн экономикасына инфекциялык оорулардын жайылышынын таасирин, COVID-19 жаңы штаммдарын жана алардын кесепеттерин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы глобалдык логистикалык чынжырлардын чектөөлөрүн жана башка терс окуяларды эске алуу менен түзүлгөн.

Маалымдама катары: Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары - алдыдагы үч жылдык мезгилге фискалдык саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктоочу жана Министрлер Кабинетине бүтүндөйүнөн жана ар бир тармак боюнча боло турган чыгашаларды болжолдоштуруу максатында ресурстардын келечектеги көлөмдөрү тууралуу мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик каржыны башкаруу аспабы.

Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарында белгиленгендей, орто мөөнөттүү келечекте экономикалык саясаттын максаты тышкы кризистик көрүнүштөрдү кыскартуу жана алдын алуу, экономикалык өсүштүн оң тенденцияларын сактоо жана республиканын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу болот.

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары 6-жылдын 2022-сентябрында министрлер кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан жактырылган.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
4824