Баткен облусу боюнча 2022-жылдын бүгүнкү күнүнө карата баяндама

Баткен облусу боюнча 2022-жылдын бүгүнкү күнүнө карата баяндама

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аралардын кыргыз-тажик участкаларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тузулгөн. Азыркы учурда коммисиянын эсеби боюнча 432 кыйраган үй аныкталган.

Ушул эле комиссия 285 чарбалык имараттар жана бастырмалар, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 9 административдик имарат, 26 автоунаа, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыз кылган 171 ар кандай объектилердин талкалангандыгын тастыктады.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүүдө, тактап айтсак:
- 2022-жылдын 16-сентябрындагы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аралардын кыргыз-тажик участкаларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга жардамдарды көрсөтүү жана келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн жарандардан жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине келип түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктан бүгүнкү күнгө карата 348 301,8 миң сомду түздү, анын ичинен 84 400,0 миң сом мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында жабыр тарткан адамдарга компенсация төлөөгө багытталган. Чыгымдар тескемеге же мамлекеттик комиссиянын токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылат;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы №506-т тескемесинин негизинде куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, анын ичинде калкты эвакуациялоону уюштуруу, тамак-аш менен камсыздоо, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу, бузулган объекттерди (анын ичинде аскердик инфратүзүмдү) калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле башка кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 100 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 15 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 15 000,0  миң сом, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына 10 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясына 10 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына 10 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясына 10 000,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына 10 000,0 миң сом, Ош шаарынын мэриясына 15 000,0 миң сом жана Баткен шаарынын мэриясына 15 000,0 миң сом суммасында каражат бөлүп берилген, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар мамлекеттик администрацияларынын эсебине толук көлөмдө которулган, көрсөтүлгөн иш-чараларга андан ары бөлүштүрүү райондук жана шаардык администрациялар тарабынан ишке ашырылат;

- Ошол эле кезде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2022-жылга республикалык бюджеттин каражаттарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 3,0 млрд. сом өлчөмүндө каражат каралган, бүгүнкү күндө 1,9 млрд. сом каржыланган, анын ичинен жеке турак жай кууруга 1,1 млрд. сом, автоуна жолдорун жана көпүрөлөрдү реконструкциялого 0,4 млрд. сом,  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын объектилерине 0,2 млрд. сом,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин объектилерине 0,1 млрд. сом, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматына  0,1 млрд. сом каржыланды.

Мындан тышкары айтып кетчүү жагдай, Баткен облусуна 2022-жылдагы республикалык бюджетте төмөнкү каражаттар каралган: 
1.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №439 КПҮ токтомуна ылайык, Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга 2022-жылы республикалык бюджетте  каралган  500 000,0 миң сомдун  250 000,0 миң сому бөлүнүп берилген, анын ичинен: 
•    Лейлек райадминистрациясына – 125 000,0 миң сом; 
•    Баткен райадминистрациясына – 125 000,0 миң сом.
Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар  райондук мамлекеттик администрациянын эсебине толук көлөмдө которулган, финансылык каражаттарды андан ары пайдалануу райондук мамлекеттик администрация тарабынан ишке ашырылат.
2.    Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында №302-т тескемеси негизинде “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилди. 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн тескемесин аткаруу максатында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК банктар менен Келишимдерди түздү. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 3 коммерциялык банкы катышууда, аларды насыялоонун көлөмү 470 000,0 миң сом суммасын түзүүдө. 2022-жылдын бүгүнкү күнгө карата бул Долбоордун алкагында Баткен облусунун 423 ишкердик субъекттерине  316 553,0 миң сом суммасына каржылоо насыялары берилген.
Ошондой эле, чек арада болгон окуялардын зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралында №87 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 84,4 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик акча каражат бөлүнүп берилди. Каржылоо Мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык жүргүзүлөт. 
3.    Баткен облусу боюнча Капиталдык салымдар беренесине 2022-жылга 2 006 264,0 миң сом өлчөмүндө бекитилип бүгүнкү күндө 1 826 720,6 миң сом каржыланган.
4.    Баткен облусу боюнча Дем берүүчү гранттардын эсебинен 2022-жылга 67 494,7 миң сом өлчөмүндө бекитилип бүгүнкү күндө  ал каражат толугу менен бөлүнүп берилди. 
5.    Баткен облусунда 2022-жылга социалдык төлөмдөрдү кошумча каржылоо боюнча 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондорго жана жабыркагандарга ай сайын кошумча жөлөк пул төлөнүүдө.  2022-жылга 3 452,9 миң сом каралган, анын ичинен бөлүнүп берилген каражаттын көлөмү 2 847,9 миң сомду түзөт.
6.     Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган жана иштеген жарандарга мамлекеттик жөлөк пулдарга («балага сүйүнчү» жөлөк пулунан тышкары) жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарга 1,20 коэффициентин киргизүү аркылуу кошумча колдоо көрсөтүлүүдө 2022-жылга 50 100,1 миң сом каралган, анын ичинен бөлүнүп берилген каражаттын көлөмү 43 341,7 миң сомду түзөт.
7.    Баткен облусунун «үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөөлөр боюнча 2022-жылга 174 000,0 миң сом каралган, анын ичинен бөлүнүп берилген каражаттын көлөмү 140 554,7 миң сомду түзөт.
8.    Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында өзгөчө статуска ээ болгон жарандарга 2000 сом өлчөмүндө пенсияга ай сайын компенсациялык төлөмдөр каралууда 2022-жылга 281 177,8  миң сом каралган, анын ичинен бөлүнүп берилген каражаттын көлөмү 265 641,9 миң сомду түзөт. 
9.    Баткен облусунун өнүктүрүү фонддору:
-    Областык өнүктүрүү фондго 2022-жылы 50 000,0 миң сом каралып, 33 011,8 миң сому каржыланды.
-    Райондорунун  өнүктүрүү фонддоруна 2022-жылы 93 426,0 миң сом каралган, анын ичинен 85 181,1 миң сом каржыланды.
10.    Республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электро-энергиясына 62 780,9 миң сом каралып, ал каражаттын 12 016,6 миң сому бөлүнүп берилди.
11.     Бюджеттер аралык трансферттер 11-айына төмөнкү каржылоолор жүргүзүлдү:
-    Теңдештирүүчү трансферттер 200 216,0 миң сом каралган, анын 183 532,8 миң сому каржыланды;. 
-    Максаттуу трансферттер 74 410,4 миң сом каралган, анын ичинен 66 393,6 миң сому каржыланды.
12.    Мындан сырткары, 2022-жылы “2021-жылдын 28-30 апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъектилерине зыяндын ордун толтуруу максатына 13 жабыркаган ишкер 2,6 млн. сомго каржыланды. Баардыгы болуп, Баткен облусунун 76 жабыркаган ишкердин ичинен 75 жабыркаган ишкерлер менен келишимдер түзүлүп 15,0 млн.сомго кредиттик каражаттар берилди.
13.    Азыркы учурда АРИС аткаруу агенттиги тарабынан Баткен областындагы "Аймактык Экономикалык өнүгүү" экинчи долбоору ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга 2022-жылдынн 20-апрелинен тартып кол коюлган жана 2022-жылдын 15-июлунан тартып №66 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен  ратификацияланган.
14.    Баткен областындагы жабыр тарткан социалдык объекттерди калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-октябрындагы 2022-жылдагы буйругуна ылайык № 561-р Баткен областындагы "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды 2 "агроазыктүлүк кластерлерди чыңдоо" компонентинен 4-компонентке кайра бөлүштүрүү жолу менен ишке ашыруу чечими кабыл алынган. Долбоорлор Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларынын мэриялары тарабынан 4-компоненттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-октябрындагы 2022-жылдын № 561-р буйругу менен бекитилген социалдык объекттердин тизмесине ылайык куруу жана капиталдык оңдоо үчүн сунушталган жана бекитилген.
Бүгүнкү күндө, жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун өзгөчө кырдаал боюнча иш чара пландар түзүлүүдө, иш план иштелип чыгып приказ менен бектилгенден кийин этап менен каржылануусу башталат. Биринчи этапта капиталдык ремонттор менен иштер жүргүзүлөт, экинчи этапта капиталдык курулуштар менен иштер жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4049