Menu
Тренддер
Пайызсыз насыя боюнча бенефициарлардын пикири
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана “Чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун директору Бермет Мусакожоева мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкер менен жолугушту.
Жолугушуунун максаты - ишкерлерге каржылык жардам көрсөтүүнүн жыйынтыгын жана анын максаттуу пайдаланылышын баалоо, пикир алышуу. «Компаниябыз жергиликтүү рынокто көп убакыттан бери иш алып барууда. Кыргызстан боюнча филиалдарыбыз бар. Үй, эмерек тазалайбыз. Башка ишкерлер сыяктуу эле, пандемия учурунда жана андан кийин каржылык кыйынчылыктарга туш болдук. Мамлекеттен пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгүн телеканалдардын биринен билип, Жогорку Кеңешке, Финансы министрлигине кайрылдым. Алар керектүү маалыматтарды берип, коммерциялык банктарга жөнөтүштү. Банктан миллион сом пайызсыз насыя алдым. Бул үчүн керектүү нерселердин толук пакетин бердим. Биздин ишканага 3 миллион сом керек болчу, бирок долбоордун шарты боюнча патенттин негизинде иштегендер миллион сомго чейин эле ала алышат. Жакында жаңы салык режимине өтүп, жеке ишкер болдук. Дагы 6 ай жаңы юридикалык статуста иштегенден кийин банк убада кылгандай калган 2 миллион сомду ала алабыз деп ишенебиз. Бул насыя бизге пандемиядан кийинки оор учурларда жардам берип, миллион сомго чет өлкөдөн атайын буйрутма менен тазалоочу шаймандарды алдык. Долбоор үчүн өкмөткө, анын ичинде Финансы министрлигине ыраазычылык билдиребиз”,-деп бөлүштү “Профчистка” тазалоочу ишканасынын менеджери Айжан Жумамедин кызы Финансы министринин орун басары Руслан Татиков долбоордун максаты чакан жана орто бизнеске гана эмес, чакан жүгүртүүдөгү жеке ишкерлерге да каржылык жардам көрсөтүү экенин белгиледи. Алуучулардын 80%дан ашыгы микро-бизнес, башкача айтканда, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке жактар. Пайызсыз кредиттерди активдүү берүү 2022-жылдын февраль айында башталган. 2024-жылдын 1-февралына карата 9055 ишкерге жалпы суммасы 6 миллиард 36 миллион сомдон ашык акчалай жардам көрсөтүлгөн.