Menu

MOODY’S РЕЙТИНГ АГЕНТТИГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШҮН ЖАНА РЕФОРМАЛАРДЫ ЖОГОРУ БААЛАДЫ

MOODY’S РЕЙТИНГ АГЕНТТИГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШҮН ЖАНА РЕФОРМАЛАРДЫ ЖОГОРУ БААЛАДЫ

КРФМ

 

Вашингтондогу (АКШ) Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович эл аралык Moody’s рейтинг агенттигинин өкүлдөрү Дэвид Элдрич, Ивонна Аролд жана Хлоя Миньер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын тез өсүп жаткан экономикасын, өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтингин, инвестициялык имиджин чыңдоо маселелерин, ошондой эле “жашыл” жана санариптик облигацияларды чыгаруунун келечегин талкуулашты. Финансы министри А.К. Бакетаев акыркы 3 жылда Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүш көрсөтүп жатканын жана 2025-жылдын январь-июль айларында реалдуу ИДПнын өсүшү 11,5% түзгөнүн белгиледи.

            Moody’s агенттигинин өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды жогору баалап, кыргыз тарапка “жашыл” жана санариптик облигацияларды чыгаруу боюнча колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле кредиттик рейтингди жакшыртуу боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Өз кезегинде, финансы министри А.К. Бакетаев Кыргыз Республикасынын рейтингди жогорулатууга жана Moody’s агенттиги менен жаңы финансылык инструменттерди колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кызматташууга кызыкдар экенин ырастады.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
288

Окшош жаңылыктар