АЧК-12 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 1 244,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

АЧК-12 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 1 244,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

2024 - жылдын 18 - апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат

АЧК-12 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 1 244,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

        2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилди. Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 18-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 3 024 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 244,8 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде: - “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 130,4 млн. сом суммасында 2 668 субъектти түзөт; - “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 114,4 млн. сом суммасында 356 субъектти түзөт.

2024 – жылдын 18 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат. (млн сом)

 

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика боюнча бардыгы

3 024

1 244,8

1

Чүй облусу

487

194,2

2

Ысык-Көл облусу

401

146,8

3

Талас облусу

251

101,9

4

Нарын облусу

418

170,7

5

Жалал-Абад облусу

790

338,9

6

Ош облусу

503

219,6

7

Баткен облусу

174

72,7

 

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1103