АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 228,04 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 228,04 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

2025-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №80-тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору бекитилген.

 

Долбоордун максаты 2025-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2025-жылдын 13-мартына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 374 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 228,04 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 204,26 млн. сом суммасында 333 субъектти

түзөт;

  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча  23,78 млн. сом суммасында 41

субъектти түзөт.

2025 - жылдын 13-мартына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.

(млн. сом)

 

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика   боюнча бардыгы

374

228,04

1

Чүй облусу

52

29,30

2

Ысык-Көл облусу

51

23,50

3

Талас облусу

53

34,87

4

Нарын облусу

32

19,15

5

Жалал-Абад облусу

121

74,84

6

Ош облусу

40

29,55

7

Баткен облусу

25

16,83

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3065

Окшош жаңылыктар