Menu
Тренддер

АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 621,40 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
АЧК-13
2025-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №80-тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору бекитилген.
Долбоордун максаты 2025-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2025-жылдын 20-мартына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 1 018 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 621,40 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 553,33 млн. сом суммасында 894 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 67,07 млн. сом суммасында 123 субъектти түзөт;
- “Сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 1,0 млн. сом суммасында 1 субъектти түзөт.
2025 - жылдын 20-мартына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.
(млн. сом)
№ |
|
Берилген кредиттердин саны |
Долбоорду өздөштүрүү суммасы |
Республика боюнча бардыгы |
1 018 |
621,40 |
|
1 |
Чүй облусу |
146 |
89,93 |
2 |
Ысык-Көл облусу |
156 |
87,24 |
3 |
Талас облусу |
119 |
71,48 |
4 |
Нарын облусу |
112 |
74,80 |
5 |
Жалал-Абад облусу |
271 |
166,50 |
6 |
Ош облусу |
156 |
95,32 |
7 |
Баткен облусу |
58 |
36,13 |