Menu

ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРДИК СУБЪЕКТТЕРИН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТТӨӨ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 482,56 МЛН СОМ  КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРДИК СУБЪЕКТТЕРИН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТТӨӨ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 482,56 МЛН СОМ КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

КРФМ

       Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №354-т менен “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.

            Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500,0 млн. сом суммасын түзөт.

            2025-жылдын 25-декабрына карата бул Долбоордун алкагында 147 каржылоо субъекттерине 482,56 млн. сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
372

Окшош жаңылыктар