ҮРӨНЧҮЛҮКТҮ ЖАНА ПИТОМНИКТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2,85 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

ҮРӨНЧҮЛҮКТҮ ЖАНА ПИТОМНИКТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2,85 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

КРФМ

      Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында, Кыргыз  Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин  2025-жылдын  26-майындагы №416-т менен “Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.
       Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн суммасы 100,00 млн. сом.
     2025-жылдын 25-сентябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 2 каржылоо субъектине 2,85 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
267

Окшош жаңылыктар